4-декабрь - Манас күнүнө карата Бишкектеги Улуттук филармонияда 13:30да «Манас» эпосуна арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ага чейин Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө «Залкар манасчы» тасмасынын бет ачары болот.
Саат 14:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери «Кагылайын Манасым» деген театрлаштырылган пролог тартуулап, ал концерттик программа менен коштолот.
2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. 2017-жылдан бери өкмөттүн токтому менен 4-декабрь Манас күнү деп белгиленет.