Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» деген депутатка жооп берди (видео)


Архивдик сүрөт. Рита Карасартова мөңгүлөрдү сактап калуу жөнүндө талап менен бийликке нааразылык акциясын өткөрүүдө.
Архивдик сүрөт. Рита Карасартова мөңгүлөрдү сактап калуу жөнүндө талап менен бийликке нааразылык акциясын өткөрүүдө.

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» деп атаган депутат Евгения Строковага жооп кайтарды.

Карасартова ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтты:

- Аябай капа болгонум - биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка каалаарым - жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова Карасартованы «бүлдүргүч» деп атап, аны жетекчи кылып дайындаган өкмөт башчыны сынга алды:

- Кайсы жакта туруксуздук болсо, Карасартова ошол жерде. Алмаз Шаршеновичтин тушунда ал дайыма ага каршы болуп жүрдү, качан гана ал жактан туруксуздук боло баштады, ал дароо ошол лагерге өтө калды. Аны билим берүүнү солгундатсын деп дайындаштыбы?

Депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Рита Карасартованын улутуна да токтолуп, «аларга караганда мен өзүмдү кыргыз деп көбүрөөк сезем» деп билдирди.

Строкова өкмөттүк эмес уюмдардын кээ бирлерин таптакыр жаап салыш керек экенин да айтты.

Карасартова жалпы коомчулукка сот, укук тартибин коргоо тармагындагы кемчиликтерди дайыма ачык айтып келе жаткан жарандык активист катары таанылган.

Строкова парламентке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын жетекчилигиндеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) аркылуу шайланып келген. Кийин Атамбаев камалгандан кийин интервьюларынын биринде «Атамбаев мени саткын деп эсептейт, бирок менин идеалдарым гана алмашып кетти» деп жооп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG