Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ооганстан: жапон кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерине кол салуу болду


Тетсу Накамура.
Тетсу Накамура.

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы Жалал-Абад шаарында 4-декабрда таң эрте «Peace Japan Medical Services» аттуу жапониялык өкмөттүк эмес уюмдун кызматкерлеринин автоунаасына кол салуу болду. Анда беш адам ажал таап, аталган уюмдун башчысы Тетсу Накамура оор жараат алды. Өлгөндөрдүн арасында дарыгердин жансакчысы менен унаанын айдоочусу бар. Бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Тетсу Накамура бир топ жылдан бери бул аймакта кайрымдуулук менен алектенет жана карапайым ооган тургундарына ар кыл багытта жардам көрсөтүп келет. Жакында эле ооган президенти Ашраф Гани ага «Өлкөнүн ардактуу атуулу» деген наам ыйгарган болчу.

XS
SM
MD
LG