Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Түркмөн президенти жыйындан кууп чыккан министр соттолду


Исгендер Муликов.
Исгендер Муликов.

Түркмөнстанда мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликов соттолду. Мамлекеттик «Ватан» телеканалы 3-декабрда колуна кишен салынган, чачы такырайта алынган экс-министр «арам жолго түшүп кеткенин, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири суммадагы пара алып, үйлөрдү ээлеп алганын, күнөөлүү экенин кабарлап, анын жер карап кечирим сурап жатканын көрсөттү. Телеканал Муликов канча жылга соттолгонун тактаган жок.

«Ватан» телеканалында башкы прокурор Батыр Атдаев экс-министрдин мүлкүнүн баары мамлекетке чегерилгенин айтты.

44 жаштагы Искандер Муликов дээрлик он жылдан ашык убакыт бою ички иштер министри болуп иштеген. Аны мындан эки ай мурун өкмөттүн жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов катуу жемелеп, кууп чыккан жана кызматтан алган. Өкмөттүн жыйынында башкы прокурор Муликовдун мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат берилген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Муликовдун Ашхабад шаарында бир топ кафе-ресторандары бар экенин жазып чыгышкан. Ошондой эле анын жогорку бийликте таасирлүү колдоочулары бар экени, ошондуктан бир топ жылдан бери министр болуп отурганы тууралуу сөздөр чыккан.

XS
SM
MD
LG