Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Роухани митингдерде «күнөөсүз» кармалгандарды бошотууга чакырды


Хассан Роухани.
Хассан Роухани.

Ирандын президенти Хассан Роухани бийликке каршы нааразылык акцияларында «бейкүнөө» камакка алынгандарды коё берүүгө чакырды. Ал 4-декабрдагы телекайрылууда «баалардын көтөрүлгөнүнө нааразы болуп көчөгө чыккан, курал көтөрбөгөн, күнөөсү жок адамдарга ырайым кылыш керек» деп айтты. Ал ошондой эле нааразылык акцияларында жабыркаган, мүлкүнөн ажыраган жарандар боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Мунун алдында «Эл аралык мунапыс» уюму Ирандагы соңку тоз-тополоңдо 200дөн ашык адам ажал тапканын кабарлаган. Батыштагы жалпыга маалымдоо каражаттары мындан алда канча көп киши өлгөнүн жазышкан. Мисалы «New York Times» басылмасынын эсебинде, мерт болгондордун саны 450 киши болду.

«Human Rights Watch» (HRW) уюму нааразылык акцияларында ажал тапкандардын санын алда канча азайтканы үчүн Тегеранды сындаган.

Иран бийлиги тоз-тополоңдо беш киши каза тапканын, 180дей адам кармалганын маалымдаган жана каршылык акцияларына байланыштуу АКШ, Израил, Сауд Арабиясы сыяктуу чет өлкөлөрдү айыптаган.

Иранда калайман нааразылык акциялары 15-ноябрда башталган жана ага өкмөттүн бензиндин баасын алда канча жогорулаткан, күйүүчү майды сатууну чектеген чечими негиз болгон.

XS
SM
MD
LG