Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Отунбаева айылдыктардын дарегине сын айтпаганын билдирди


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева өз дарегине айтылып жаткан сынга жооп берип, айылдыктарды басмырлабаганын билдирди.

4-декабрда BBC радиосунун кыргыз кызматындагы маегинде ушул өңүттөгү суроого мындай жооп берди:

- Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул маселе бүт дүйнөдөгү талуу маселелердин бири. Кыргызстандыктардын 65% ашууну айыл калкы. Азыркы учурда Жер планетасы дегенибиз топтой эле болуп калды. Ушундай заманда биз өзгөрүшүбүз керек, динамика керек деп айттым. Мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Мен көп нерсени окугам, билем дагы. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып эле келе жатам.

Отунбаева 3-декабрда Бишкекте саясатчы Өмүрбек Текебаевге арналган китептин бет ачарында сүйлөп жатып, музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды сындаган жана аларды аң-сезимди өнүктүрүүгө чакырган.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Отунбаева 3-декабрда Бишкекте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында сөз сүйлөп, ушул темага да кайрылган. Ал музейдин директору маданият, маалымат жана туризм министрине басым болгондуктан иштен алынганы үчүн кейип, «Эмне үчүн мындай басым болушу керек?» деген суроо койгон.

XS
SM
MD
LG