4-декабрда «Фейсбук» социалдык түйүнүндө дүйнө жүзү боюнча мүчүлүштүк чыгып, жакшы иштебей калды.
Бул тууралуу популярдуу интернет-ресурстардын ишине көз салган «Downdetector» сервиси маалымдады. Байкоолорго караганда, «Фейсбукту» колдонгондордун 49% түйүн иштебей жатканын айтса, 29% өз аккаунттарынан кире албай калганын, 21% желе биротоло өчкөнүн билдиришти.
Учурда «Фейсбук» кадыресе иштеп жатат. Бир күн мурдагы мүчүлүштүктүн чоо-жайы азырынча маалым эмес.