Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:30

Казак президенти Крым аннексияланган деп эсептебейт


Токаев.
Токаев.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда «Deutsche Welle» басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын аннексия деп эсептебей турганын билдирди.

- Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонула турган сөз эмес. Крымда болгон жагдайга байланыштуу бизде эч кандай коркунуч болгон жок. Себеби, биздин Орусия менен карым-катнашыбыз жакшы, – деди Токаев.

Орусия 2014-жылы Украинадагы бийлик алмашкандан көп өтпөй референдум өткөрүп, Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Москва Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына дуушар болгон. Андан бери Крым Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калууда.

Украина жарым аралды убактылуу оккупацияланган аймагы катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG