Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Дагы бир аскер кызматкери токко урунду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто аскер кызматкери токко урунуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу 5-декабрда «Азаттык» радиосуна Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 4-декабрда Гүлчө айылында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. №92843 аскердик бөлүктүн радиотелефонисти жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратканда радиостанциянын антеннасы аркылуу ток урган.

Жабыркаган аскерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр ал ооруканада. Абалын доктурлар орточо оор деп мүнөздөп жатышат.

Окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат берилди. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Ноябрда Кыргызстандын жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери, анын бири электр тогуна урунуп каза болгон.

2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG