Билим берүү жана илим министрлигине караштуу системадагы коррупциялык коркунучу бар кызмат орундарынын тизмеги түзүлгөн. Бул тууралуу министр Каныбек Исаков Бишкекте өткөн жыйында айтканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте «Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын натыйжалуулугун арттыруунун чаралары» деген талкуу болуп өттү.
Жыйынга парламент депутаттары, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, студенттер, күч органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Исаков бул тармактагы коррупциянын алдын алуу жана аны жоюу боюнча жасала турган иштердин деталдуу планын катышуучуларга сунуш кылды.
Министр эң оболу коррупцияга ыңгайлуу чөйрөнү жок кылуу, тейлөөнү автоматташтыруу керек деп эсептейт. Бул үчүн санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыз кылыш керек.
Кыргызстанда 70ке жакын жогорку окуу жайы бар. Алардын жарымы мамлекеттик, жарымы мамлекеттик эмес. Ал эми мектептердин саны 2 миңден ашуун.
Жогорку окуу жайларында экзаменден жакшы баа алыш үчүн окутуучуга пара берүү, ал эми мектептерде ата-энелерден акча чогултуу деген маселе көптөн бери коомчулукта талкууланып келет. (RK)