Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Чек арага ВИЧ аныктоочу жабдуу орнотуу сунуш кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттердин ден соолугун чек арадан өтөрдө текшериш керек деп эсептейт.

Депутат 5-декабрда парламенттин жыйынында билдиргенине караганда, Москвада ооруканада иштөөнү каалаган кыргызстандыктардын ичинен 480 кишиден ВИЧ аныкталган.

- Ал 480 адам кайра Кыргызстанга кайтып келди да, - деди депутат. - Мындай маселе Тажикстанда, Өзбекстанда да бар. Алар аэропортторго лаборатория орнотуп, мекенине кайра кайтып келген мигранттарды текшерип жатышат. Биз да чет жакта жүргөн мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аэропортко лаборатория коюшубуз керек. Ошондой эле Индиядан, Пакистандан Кыргызстанга келип жаткан студенттерди да текшерип киргизүүнү милдеттендиришибиз зарыл.

Республикалык СПИД бирикмесинин быйыл 1-ноябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алгандардын расмий саны 9516 адам. Алардын 2013ү каза болгон.

Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. 14 жашка чейинкилер 7,5% түзөт.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жугузуп алган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG