Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

ӨКМ: Кумтөрдө эки жумушчуну издөө иштери уланууда


Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды).
Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды).

Кумтөр алтын кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргендей, жалпысынан 94 куткаруучу иштеп жатат. Алардын арасында кинологдор жана альпинисттер бар:

- Мындан тышкары 35 даана оор техника тартылган. Азыркы учурда окуя болгон жерде радиациялык фон нормадан ашпайт – саатына 21-28 мкр.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн.

Көчкөн жер катмарынын көлөмүнүн узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болуп жатат.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG