Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Жумгал районунан тартылган сүрөт.
Жумгал районунан тартылган сүрөт.

6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк райондорунда жаан, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 6...8 градус болот.

XS
SM
MD
LG