Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы үчүн айдоочу сегиз жылга камалды


Соттон тартылган сүрөт.

Ысык-Көлдө беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган айдоочу сегиз жылга камалды жана анын машине айдоосуна үч жылга чек коюлду. Андан тышкары, мамлекетке 50 миң сом зыян келтирген деп табылды.

Соттолгон жаран - Кант шаарынын 41 жаштагы тургуну Е.Фуртикова. Чечимди 5-декабрда Ысык-Көл райондук соту чыгарды. Анын жактоочусу чечимге жарым-жартылай макул экенин айтты.

Автокырсык 2019-жылдын 30-августунда Балыкчы - Чолпон-Ата жолунда, Сары-Камыш айылында болгон. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG