Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Серж Саркисян ири сумманы кымырып алган деп айыпталууда


Серж Саркисян.
Серж Саркисян.

Армениянын Атайын тергөө кызматы мурдагы президент Серж Саркисян коррупция үчүн айыпталып жатканын билдирди.

2018-жылы «баркыт ыңкылабынан» улам бийликтен сүрүлгөн Саркисян ири суммадагы мамлекеттик каражатты өзүнө жакын бизнес-компаниянын пайдасына колдонгону айтылууда.

Маалыматка караганда, 2013-жылы уурдалган акча фермерлерге күйүүчү май алууга коротулмак.

Саркисян өзү бул айыпты четке какты. Эгер күнөөсү далилденсе, ал төрт жылдан сегиз жылга чейин камалышы мүмкүн. Мурдагы бийликчил Республикачылар партиясы муну саясий куугунтук катары баалады.

2008-2018-жылдары Арменияны башкарган Серж Саркисян мамлекеттен чыкпай тургандыгы жөнүндө тилкат жазып берген.

Төңкөрүштүн арты менен бийликке келген өкмөт башчы Никол Пашинян коррупцияга каршы кескин күрөш баштаган.

Өлкөнүн дагы бир мурдагы президенти Роберт Кочарян да тергөө фигурантына айланган.

Саркисяндан мурдан 10 жыл бийликте турган Кочарян 2008-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандарга күч колдонгон деп айыпталууда. Андагы кагылышууларда сегиз демонстрант менен эки полиция кызматкери курман болгон.

XS
SM
MD
LG