Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Кыргызстан консулдук каттоону online ыкмага өткөрдү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Чет жактагы кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу 6-декабрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт.

Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлөрү белгилүү. Андыктан, ТИМ белгилегендей, online ыкма аркылуу катталууну каалагандар көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейет.

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Калкынын саны 6 миллион Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет жакта окуп, иштеп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG