Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

Сот феминналеге каршылардын акциясына уруксат бербей койду


Бишкек.
Бишкек.

Феминналеге каршы чыккан жарандык активисттерге Бишкекте акция өткөрүүгө сот уруксат бербей койду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна активист Аманбол Бабакулов билдирди.

Анын айтымында, Эски аянтта же Курманжан датканын же Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына төрт боз үй тигип, 40 аксакал, 40 ак элечек эне, 40 мырза жана 40 айым чогулуп, эки сааттык талкуу өткөрүлмөк. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөк.

- Резолюциянын максаты – «улуттук музейлерде, борбордук Ала-Тоо аянтында жана эстеликтердин алдында каада-салтка туура келбеген көрүнүштөргө тыюу салынсын» деген талап коюу. Экинчи талап – калпак, элечек сыяктуу улуттук кийимибизди мазактоого тыюу салынсын.

Сот органы азырынча комментарий бере элек.

Ал эми арыз жазган активисттер сот өз чечимин Жаңы жыл майрамына байланыштуу шаарды кооздоо, майрамдык иш-чаралардын өтүшү менен түшүндүргөнүн билдиришти.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилеп, андан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет. Соңку жылдардагы маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 95% аялдар. (RK)

XS
SM
MD
LG