Мамлекеттик каттоо кызматы Kaktus media маалымат агенттигин чындыкка дал келбеген кабар жарыялаганы үчүн сотко бериши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн мекеме расмий билдирүү таратты.
Билдирүүдө аталган сайтта мекеменин эки жетекчиси тууралуу жарыяланган макала «шектүү булактарга» таянып жазылганы үчүн агенттик кечирим сурашы керек экендиги айтылат.
- «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин негизинде Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетовдон жана анын орун басары Айнура Туйбаевадан эл алдында кечирим сурап, төгүндөөнү сайтка жарыялоону талап кылабыз. Болбосо Мамкаттоонун жетекчилиги сотко кайрылуу укугунан пайдаланышы ыктымал, - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев.
Бир нече күндөн бери Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап жатат. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган.
Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган.
"Азаттык" Kaktus media ресурсуна комментарий сурап кайрылганда башкы редактору Дина Маслова ал жерде Мамбетов деп так жазылбаганын, анын аты-жөнү божомол иретинде гана келтирилгенин айтты:
- Биз дагы эле Мамбетовдун дал өзү деп айткан жокпуз. Булактарыбыздын кээ бирлери 100% ошол десе, айрымдары 80-90% окшош деп жатышат. Ал эми орун басары тууралуу мен юристибиз менен кеңешүүм керек.
Мамкаттоонун жетекчилиги Интернетте тарап жаткан сүрөттөрдүн чын-төгүнүн жана аларды жайылтуу максатын аныкташ үчүн мекеме аралык комиссия түзүп, териштиргени жатат.
Мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун текшерүү маселеси 5-декабрда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.(RK)