Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар экени айтылды


Самат Курманкулов. Архивдик сүрөт.
Самат Курманкулов. Архивдик сүрөт.

Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугунда жакшы жылыш бар. Бул тууралуу «Фарм-Альянс» компаниясынын жетекчиси Татьяна Дементьева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Дементьева Москвага барып Курманкуловдун өзү менен жолукканын, ал сүйлөп, тамашалашып калганын, башынан өткөн окуя тууралуу көзүнө жаш алып айтып бергенин билдирди.

«Өз көзүм менен көргөнүмө абдан кубандым», - дейт Дементьева.

Саламаттык сактоо министрлиги Курманкуловдун ден соолугу тууралуу азырынча жаңы расмий маалымат түшө элек экенин билдирди.

Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башынан жараат алган. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган. (RK)

XS
SM
MD
LG