Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

StratCom: Соцтармактарда манипуляция уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Facebook», «Instagram», «YouTube» жана «Twitter» сыяктуу социалдык тармактарда манипуляциялык аракеттерге каршы жетиштүү күрөш жүрбөй жатат. Бул тууралуу НАТОнун Стратегиялык коммуникация борбору (StratCom) 6-декабрда жарыяланган баяндамасында билдирди.

Бул баяндамада социалдык тармактар шайлоо маалында элдин тандоосуна таасир этүүнү, коомдук пикирди бөлүп-жарып, кайсы бир темалардан элдин көңүлүн буруп кетүүнү көздөгөндөрдүн куралына айланганы айтылат.

Аталган борбор жогорудагы төрт социалдык түйүндө төрт ай бою эксперимент жүргүзүп, анын алкагында комментарийлер менен лайктарды көбөйтүп берүүнү сунуш кылган кызматтарды сатып алып, алардын ишине байкоо жүргүзгөн. Сыноонун алкагында уюм 300 евро төлөп, 3500 комментарий, 25 750 лайк (like) жана 5 миңден ашык окурман топтой алган. Мындай кызмат сунуш кылгандар жогорудагы «көрсөткүчтү» камсыз кылыш үчүн 19 миңдей аккаунтту колдонушкан.

Бул эксперимент учурунда социалдык тармактардын тескөө механизмдери мындай «жасалма» талкууларды же манипуляциялык аракеттерди байкабай калганы ачыкка чыккан.

Натыйжада НАТОнун Стратегиялык коммуникация борбору социалдык тармактардын жетекчилигин өз платформаларындагы мындай бурмалоо аракеттерин жакшылап көзөмөлдөөгө чакырды.

Бул борбор Түндүк Атлантикалык Альянстын (НАТО) аккредитациясынан өткөн. Бирок НАТОнун командалык түзүмүнүн бир бөлүгү эмес.

XS
SM
MD
LG