Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Конституциялык палатанын судьяларына талапкерлер үчүн сынак жарыяланды


Конституциялык палатанын судьялары.
Конституциялык палатанын судьялары.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын бош турган үч судьясынын орду үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган кеңештен кабарлашты. Маалыматка ылайык, судья болгусу келгендер 9-декабрдан 20-декабрга чейин кеңешке документтерин тапшырышы керек.

Бул үчүн юридикалык жогорку билими бар, 40 жаштан жогору 70 жашка чейинки, юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем иштеген, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген жарандар кайрыла алат.

Мындан соң талапкерлерди алгач кеңештин мүчөлөрү ылгап, андан соң президент аңгемелешүү өткөргөн соң кызматка дайындамакчы.

Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча алты судья гана иштеп жатат. Буга чейин судьялар Курмантай Абдиев жана Куанбек Киргизбаев жаш курагы чегине жеткенине байланыштуу кызматтан бошотулса, Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевдин судьялык мөөнөтү узартылган эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG