Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Сапар Исаковдун адвокаты шаардык сотко кайрылат


Сапар Исаков cот залында. 6-декабрь, 2019-жыл.
Сапар Исаков cот залында. 6-декабрь, 2019-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук соту тарабынан 15 жылга кесилген мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары кийинки инстанцияга кайрылат.

Бул тууралуу саясатчынын адвокаттарынын бири Замир Жоошев билдирди. Ал сот чечимин “саясий буйрук" деп атап, аны жокко чыгаруу үчүн аракеттер көрүлөрүн билдирди:

“Биз сөзсүз түрдө кийинки инстанциядагы сотко кайрылабыз”, - деди Жоошев.

Бишкектин Свердлов райондук соту тогуз айлык териштирүүдөн кийин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу чечимди 6-декабрда кечинде чыгарды. Ага ылайык, мурдагы премьер Сапар Исаков жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кесилди.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулду.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөй турган болду. Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG