Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Айтматова: Сотто Матраимовдун байлыгы боюнча түшүндүрмө алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү


Ширин Айтматова
Ширин Айтматова

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сотко кайрылганы жөнүндө билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Айтматова “Азаттык” радиосуна сүйлөп жатып, Матраимовдун сотко кайрылууга укугу бар экенин белгиледи.

- Райымбек Матраимовдун мен жана Али Токтакуновдун үстүнөн сотко кайрылганы жөнүндө маалымат каражаттарынан уктум. Бул анын байлыгы боюнча түшүндүрмө алууга абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Ал УКМКга суракка эң аз дегенде 7,6 миллион сом турган автоунаа менен келди. Мындай автоунааны алыш үчүн жөнөкөй бажычы 15-20 жыл иштеши керек. Биз болсо "Азаттык" радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана «Kloop» порталы жарыялаган иликтөөдөн он миллиондогон долларлык мүлкү бар экенин билгенбиз. Бул эки жүздүүлүк жана өзүмбилемдиктин туу чокусу. Жолдош Матраимов абдан бактылуу көрүнөт, бийлик ага уруксат берген өңдөтөт, - деди Айтматова.

Райымбек Матраимов 6-декабрда биргелешкен журналисттик иликтөөдөгү маалыматтар боюнча сурак берип чыккан соң айрым журналисттердин суроолоруна жооп берген. Анда соңку журналисттик иликтөөдөгү Айеркен Саймаитини тааныбай турганын жана аны менен эч кандай мамиле курбаганын билдирди.

Мындан тышкары ал иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жоктугун, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептерин, мындан улам журналист Али Токтакунов менен активист Ширин Айтматованы сотко бергенин, “Азаттык” радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын айткан.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG