Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Лукашенко менен Путиндин сүйлөшүүсү беш саатка созулду


Александр Лукашенко жана Владимир Путин
Александр Лукашенко жана Владимир Путин

Сочи шаарында Беларус президенти Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү беш сааттан ашык убакытка созулду. Жолугушуунун алгачкы эки сааты орус-беларус өкмөтүнүн делегациялары менен өтсө, үч сааттан ашык эки президент бетме-бет сүйлөштү. Жолугушуудан кийин басма сөз жыйыны болгон жок.

Орусиянын экономика министри Максим Орешкин журналисттерге чыгып, бир катар талаштуу маселелер чечилгенин айтуу менен чектелди. Бирок ал кайсы маселелер экенин тактаган жок. Ал эми Беларус президенти жолугушуунун жыйынтыгын комментарийлеген жок. Эки президенттин кийинки жолугушуусу 20-декабрда Санкт-Петербургда өтмөй болду.

Жолугушуунун алдында Беларустун борбору Минскиде Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциялары өткөн. Жүздөгөн адамдар шаардын борбордук проспектисине жана Октябрь аянтына чогулушту. Бул акциялар уруксатсыз өтсө да полиция анын катышуучуларын тараткан жок.

Орус жана беларус президенттеринин жолугушуусу эки өлкөнүн бир союздук мамлекет түзүү боюнча келишиминин 20 жылдыгынын алдында өттү.

1999-жылы 8-декабрда эки өлкө орток союздук мамлекетти түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлүшү керек. Бул келишим ишке ашпаса да, акыркы мезгилде орус бийлиги Беларус менен интеграция маселесин утур-утур көтөрүп келет.

Беларус президенти Александр Лукашенко 5-декабрда өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG