Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

АКШ жана Иран абактагы жарандарын алмашты


Сюэ Ван
Сюэ Ван

АКШ жана Иран абакта жаткан жарандарын 7-декабрда алмашты. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тыңчылыкка айыпталып, үч жылдан бери абакта жаткан америкалык жаран Сюэ Ванды өткөрүп бергенин кабарлады. Ал эми Иран бийлиги өз жараны Массуд Солеймани бошотулганын ырастады.

Абактагыларды алмашууга Швейцария ортомчу болуп, алмашуу Цюрихте өттү.

АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык алака токтотулуп, элчилиги жабылган. Учурда АКШнын Тегерандагы дипломатиялык кызыкчылыктарын Швейцария ишке ашырат.

“Америка үнү” радиосу Вашингтон менен Тегерандын ортосунда мамиле курчуп жаткан маалда бул алмашууну “өзгөчө окуя” деп баалады.

Сюэ Ван - Принстон университетинин аспиранты. Ал Иранда тыңчылыкка айыпталып, 10 жылга кесилген. Аспиранттын жакындары Иранга илимий изилдөө үчүн келгенин, тыңчылыкка эч кандай байланышы болбогонун айтып келишкен. Ал эми ирандык окумуштуу Солеймани өткөн жылы АКШда кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG