Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүш өттү


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова акцияга кошулду.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова акцияга кошулду.

Бишкектеги Ынтымак сейил багында 7-декабрда “Биз зомбулукка каршыбыз” деген ураан алдында жөө жүрүш өттү. Ага 100дөн ашык адам катышты. Алардын арасында мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Иш-чаранын уюштуруучулары жөө жүрүш аркылуу коомго гендердик тең укуктуулукту жайылтуу жана жаштарга зордук-зомбулуктун кесепеттерин, анын өспүрүмдөргө тийгизген терс таасирлерин жана ага карата мыйзам чегинде кандай чаралар көрүлөрүн түшүндүрүү максатын көздөшкөн. Жүрүштү өкмөт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү чогуу уюштурушту.

Жөө жүрүшкө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да катышты. Ал "Биз баарыбыз зордук-зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мен адамдарды кылмыштын мындай түрүнө биргелешип каршы турууга чакырам. Үй-бүлөдөгү жана гендердик зордук-зомбулукка коомчулук жол бербей турганын көрсөтүү, биздин жарандарга зомбулуктун бардык түрү тууралуу түшүнүк жана маалымат берүү керек. Ар бирибиз сүйүү, ынтымак жана теңдик бар үй-бүлөдө гана ийгиликтер болорун билишибиз керек”, - деп белгиледи.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси олуттуу көйгөйгө айланды. 2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ушул күндөрү Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата «Зордук-зомбулуксуз 16 күн» акция өтүүдө. (AiN/BkA)

XS
SM
MD
LG