Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Назаров: Токтогулда суу 2 миллиард кубга аз топтолду


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаровдун айтымында, быйыл аба ырайынын шартына байланыштуу суу сактагычка куюлган суунун көлөмү аз болду.

- Гидрометеорологдор суу аз болгон сезон башталды деп айтышкан. Аны биз да байкап жатабыз. Былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында 2 миллиард куб метрге суу аз топтолду. Бул - жакындаштырып айтканда 2 миллиард кВт саат электр энергия дегенди билдирет. Анын ордун кантип толтурабыз, кайдан толтурабыз? Мына ушул маселе ойлондуруп жатат.

Энергехолдингдин жетекчиси буга карабай өлкөдө жарыкты өчүрүү болбой турганын, эгер жетпей баратса башка өлкөлөрдөн кошумча электр энергиясын алуу макулдашылганын билдирди.

“Сырттан электр энергия алсак да, ал тарифке таасирин тийгизбейт”,-деди Назаров.

Ушул күндөрү Токтогул суу сактагычына суунун агып кирүүсү секундасына 190 куб метрди түзсө, ГЭСтен секундасына 578 куб метр суу колдонулуп жатат. Учурда 16 миллиард куб метр суу топтолгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат. (BkA/AiN)

XS
SM
MD
LG