Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

АКШ менен “Талибандын” сүйлөшүүлөрү жанданды


Залмай Халилзад Катардагы сүйлөшүүлөрдө. 8-июль, 2019-жыл.
Залмай Халилзад Катардагы сүйлөшүүлөрдө. 8-июль, 2019-жыл.

АКШ “Талибан” радикал кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантты. Буга чейинки сүйлөшүү үч ай мурун АКШнын президенти Дональд Трамптын тапшырмасы менен токтотулган эле.

Жаңы сүйлөшүү Катардын борбору Доха шаарында өтүп жатат. Ага “Талибан” кыймылынын жетекчилери катышууда. Сүйлөшүүгө америкалык делегацияны Ооганстан боюнча атайын чабарман Залмай Халилзад жетектеп келген.

7-декабрдагы сүйлөшүү аяктаган соң “Талибандын” расмий өкүлү Сухаил Шахин "Твиттердеги" баракчасына жолугушуу жекшембиде да уланарын жазган.

“Сүйлөшүү мурда токтогон жеринен кайра башталды. Биз келишимге кол коюу өңдүү бир топ маселелерди талкууладык” – деп жазды Шахин.

Буга чейинки сүйлөшүүнү АКШ президенти Дональд Трамп сентябрь айында токтоткон. Трамп "талибдер жардырууларды уюштуруу менен аша чапкан үчүн ушундай чечим кабыл алганы" кабарланган.

Ноябрдын аягында Дональд Трамп Ооганстанга күтүүсүз сапар менен келип, талибдер менен сүйлөшүү жанданганын жарыялаган. Президент Трамп куралдуу кыймыл Ооганстанда ок атууну токтотууга макул болгонун жарыялаган. Кийин бул билдирүүнү “Талибандын” расмий өкүлдөрү ырастаган.

XS
SM
MD
LG