Якутиялык бакшы Александр Габышев Москваны көздөй жолун улантарын билдирди. Бул тууралуу "Сибирь.Реалии" сайтына Габышев менен бирге жолго чыккан сапарлаштары кабарлашты. Бакшы Орусиянын борборуна «президент Владимир Путинди бийликтен кетирүү» максаты менен барарын айтууда.
51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй ушул жылдын март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокери» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.
Александр Габышев сентябрда Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Якутиянын тургундары Габышевге куугунтукту токтотууну талап кылган петиция жарыялашкан. Миңден ашуун киши кол койгон петицияда Габышев «өзүнүн диний көз карашына ылайык гана оюн билдирген» деп айтылат.