Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Орусияда жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жол кырсыгынан төрт кыргыз жараны каза болду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Таалайбек Жандар уулу тастыктады.

Анын айтымында, дагы үч кыргызстандык азыр реанимацияда жатат.

Орусиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя 8-декабрда эртең менен Оренбург облусундагы Акбулак кыштагы менен Оренбург шаарынын ортосундагы трассада болгон.

«Тойота Эстима» жана “Мерседес" минивэни кагылышкан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. Орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (LzT)

XS
SM
MD
LG