Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги вирустук гепатит боюнча маалымат таратып, бул илдетти дарылоого караганда алдын алуу жеңил экенин эскертти.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, боорду жабыркаткан гепатит оорусунун В жана С түрлөрүнүн 85% эч байкалбай жүрө бериши ыктымал. Бирок ал оорулуу адам башкаларга жугуштуу болот.
Гепатиттин В түрүн алдын алыш үчүн Кыргызстанда Эмдөөнүн жалпы элдик календарына ылайык балдар бир жашка чыкканча үч жолу эмделет.
Расмий маалыматка караганда, быйыл он айда В гепатитине 204 адам чалдыкты, алардын дээрлик баары 20 жаштан жогору курактагылар. Ал эми С түрүнө 44 адам чалдыкты.
Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат. (RK)