Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Парижде Путин менен Зеленскийдин алгачкы жолугушуусу өтөт


Владимир Зеленский менен Владимир Путин.
Владимир Зеленский менен Владимир Путин.

Бүгүн, 9-декабрда Франциянын борбору Париж шаарында Украинанын жана Орусиянын президенттеринин жолугушуусу өтөт.

Владимир Зеленский менен Владимир Путин талкуулай турган негизги маселе – Украинанын чыгышындагы 2014-жылдан бери 13 миң адамдын өмүрүн алган согушту токтотуу.

Париждеги сүйлөшүүлөргө француз президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Ангела Меркел да катышат.

Кечээ Киевде миңдеген адамдар катышкан акция өтүп, анда митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш «кызыл чектен» өтпөөгө чакырышты.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Аны улай Донбасс аймагында Орусия колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда куралдуу кагылышуу чыгып, ал алигиче уланып келет. Орус өкмөтү бул чатакка тиешеси жок экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG