Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 29-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:22

Оренбург: Жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Алар 29, 34, 35 жана 38 жаштагы жарандар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мындан тышкары, дагы үч кыргыз жараны жабыркады. Алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышат, бүгүн алар реанимациядан стационарга которулат.

Окуя 8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунун 76-чакырымында болгон.

Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Таалайбек Жандар уулу «Азаттык» радиосуна билдиргендей, казак-орус чек арасынан өткөндөн кийинки аймакта кыргызстандыктар бараткан «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан.

- Эки машине тең күйүп кеткен экен. Үч бала эптеп сыртка чыккан. Үчөө ошол жерден күйүп кеткен, төртүнчүсүн терезеден сууруп чыгарып жаткан маалда үзүлгөн. Ошентип, төрт жигит каза болуп, үчөө ооруканада. Дүйшөмбү күнү эгер дарыгерлер уруксат берсе алар менен жолугуп, чоо-жайын сураштырып көрөбүз, - деди Таалайбек Жандар уулу.

Ал эми «Мерседес Спринтерде» бир гана адам бараткан болчу. Ал Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Ал да ооруканада.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. Орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG