Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Жол кырсыгына кабылган милиция башчысы кызматтан четтетилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков убактылуу кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция башчысы кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенип жатат. Бул кырсыкты тергөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилиги көзөмөлгө алып, ички иликтөө башталды.

7-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Ысык-Ата районундагы бөлүгүндө Чойбеков айдап бараткан «Мерседес Бенц» машинеси «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Кырсыктан жүк ташуучу машиненин айдоочусу оор абалда Кант шаардык ооруканасына жаткырылган. Милиционер медициналык алгачкы жардам алган соң белгисиз тарапка кетип калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG