Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Жээнбеков: соттук реформа алдыга жылбай атат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан, Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Анын айтымында, өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн сот системасына бөлүнгөн каражат акыркы жылы 35% көбөйүп, быйыл 2 миллиард сомдон ашкан. Жээнбеков буга карабай соттук реформа каалагандай ишке ашпай жатканын белгиледи.

- Аймактык соттордун абийири таза болмоюн реформа жасаш кыйын, - деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысынын айтымында, быйыл жыл башынан бери соттордун Тартип комиссиясы 198 судьяга чара көрүү маселесин көтөргөн. Анын ичинен 174 судьяга эскертүү, 14 судьяга сөгүш берилген.

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келатат. Бул багытта бийлик реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Бирок коомчулукта жана оппозицияда сот тармагын реформалоодон майнап чыкпай жатканына нааразылык басаңдай элек. (BkA/MiK)

XS
SM
MD
LG