Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Абылгазиев Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө жардам берүүнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Оренбург шаарында жол кырсыгынан каза болгон төрт кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүнү жана жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, премьер-министр жол кырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.

Ошондой эле ал Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жол кырсыгынан жабыркагандарга бардык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунда кыргызстандыктар бараткан «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан. Кырсыктан 29, 34, 35 жана 38 жаштагы төрт кыргызстандык жаран каза болду.

Мындан тышкары, дагы үч кыргыз жараны жабыркады. Алардын абалын дарыгерлер орточо оор деп мүнөздөп жатышат, бүгүн алар реанимациядан стационарга которулары кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG