Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Бишкекте улуттук баалуулуктарды коргоого үндөгөн акция өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте салт-санааны сактоого үндөгөн «Белгилүү маршрут» деген акция өттү. Анда бир нече адам «Чечинбе, уят», «Эрден чыксаң да элден чыкпа» жана «Улут укуктан бийик турат» деген сөздөр жазылган автобус менен шаардагы эл көп чогулган жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Акциянын уюштуруучулары жакында Көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөдө көрүүчүлөрдүн алдына жылаңач кыздын чыкканын айыптап, муну улуттук ар-намыска урулган сокку катары баалашты.

Буга чейин алар Бишкектеги «Ала Тоо» аянтында боз үй тигип, анда музейдеги соңку окуяны талкуулаш үчүн акыл-кеңеш уюштуруу максатында Бишкек шаардык мэриясына кайрылып, бирок уруксат ала алышкан эмес.

Буга чейин Гапар Айтиев атындагы Көркөмөнөр музейинде өткөн феминнале талкуу жараткан. Анда 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен болчу.(KJ/BkA)

XS
SM
MD
LG