Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:16

«Акнет» боюнча иш тергелип бүттү


Иллюстрациялык сүрөт.

«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудиновго козголгон иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иш Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

«Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компаниянын президенти Кубан Ажимудинов май айында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG