Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:16

Эки жылда 11 судьяга иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 2017-2019-жылдар аралыгында соттордун Тартип комиссиясы 190 судьяга дисциплинардык чара көрүү боюнча чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш жарыяланса, 170 судьяга эскертүү берилген.

- Башкы прокуратуранын сунушу боюнча 11 сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул бердик. Алардын алтоо мурдагы судья болсо, беш судьяга иштеп жаткан учурда кылмыш иши козголгон. Комиссия бир катар судьяларды мөөнөтүнөн мурун кызматтан алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Мен аны колдоп, тиешелүү жарлыкка кол койдум, - деди Жээнбеков.

Президент өлкөдө калыс судьялар аз эмес экенин, ошентсе да баары эле тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албай турганын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанда сот системасынын түзүлгөнүн 95 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара өттү. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG