Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Орусиянын тышкы иштер министри АКШга барат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Сочи, 14-май, 2019-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Сочи, 14-май, 2019-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-декабрда Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушат. Мамлекеттик департаменттин 9-декабрда тараткан билдирүүсүндө алар «аймактык жана эки тараптуу» бир катар маселелерди талкууламакчы.

«Вашингтон пост» жана «Associated Press» АКШдагы жогорку кызмат адамына таянып кабарлашкандай, Лавров менен Помпео Украина, Сирия куралданууга көзөмөл жүргүзүү жана башка маселелерди сүйлөшөт.

Орусия менен АКШнын башкы дипломаттары бул жылы бир канча жолу көзмө-көз жолугуп, телефон аркылуу да сүйлөшкөн.

2017-жылы майда Сергей Лавровду жана Орусиянын Кошмо Штаттардагы ошол кездеги элчиси Сергей Кислякты президент Дональд Трамп кабыл алган.

XS
SM
MD
LG