Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Жаңы Зеландияда жанар тоо атылып, беш киши каза тапты


Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.
Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын Ак аралындагы жанар тоонун атылышынан беш киши каза таап, дагы 20дай киши жабыркады. Бул тууралуу 9-декабрда полиция кабарлады.

Вулкан атылган кезде ошол аймакта 100дөй киши жүргөн. Ошондуктан өлгөндөр мындан да көп болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

- Ошол учурда аралда жана анын айланасында жергиликтүү жана чет элдик көп саякатчылар жүргөн. Полиция колунан келгендин баарын жасайт, - деди премьер-министр Жасинда Ардерн.

Жаңы Зеландиянын Ак аралында жанар тоо тез-тез атылып турат.

XS
SM
MD
LG