Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) аткаруучу комитети Орусияны Олимп оюндарынан жана эл аралык ири спорт мелдештеринен төрт жылга четтетти.
«Комитеттин сунуштары бир добуштан кабыл алынды» деп айтылат Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин билдирүүсүндө. Бул маалыматты Орусиянын Кызытмага каршы күрөш агенттигинин (РУСАДА) башчысы Юрий Ганус «РИА Новости» агенттигине ырастады.
Өткөн жумада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) атайын комитети Орусиянын Кызытмага каршы күрөш агенттигин (РУСАДА) Допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп тапкан.
Сентябрь айында WADA РУСАДАга кылмыш ишин козгогон. Анда Кремлди ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөгөн. Уюм РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканын билдирген.
Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.
Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.