Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Босния мигранттар лагерин жабуунун мөөнөтүн жылдырды


Вусжактагы качкындар лагери.
Вусжактагы качкындар лагери.

Босниянын бийлиги өлкөнүн түндүк-батышындагы мигранттардын чатыр лагерин жабууну убактылуу токтотту. Жүздөгөн адамдар баш калкалап жаткан Вусжактагы лагердеги шарттарды эл аралык коомчулук катуу сындап чыккандан кийин бийлик аны 9-декабрда жабууну көздөп жаткан.

Мигранттар убактылуу баш калкалаган жай 1992-1995-жылдардагы Босниядагы согуштан кийинки мина талаасындагы таштанды жайдын ордуна жайгашкан. Анда таза суу жана дааратканалар жок. Өткөн жумада кар жаап, лагердеги жашоону оорлоткон.

Чет элдиктер иши боюнча кызматтын директору Раде Ковач 9-декабрда лагерге барып, аны жабыш үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтып, качкындар башка жайларга жайгаштырыларына убада берди.

Кызыл чырым уюмунун маалыматына караганда, лагерде 600 мигрант жашап жатат.

Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы жана Азиядагы согуштардан жана ачарчылыктан качкан эл Европага жетип алууну самайт. Боснияга качкындар кошуна Сербия жана Черногория аркылуу келишкен.

XS
SM
MD
LG