Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

ИИМ: Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды


Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 9-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү зарыл.

«2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин («Экспертизаны дайындоонун негиздери») негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү», деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматта ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында барымтага алуу жана жапырт баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатканы айтылат.

Атамбаев быйыл 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, азыр УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Кой-Таш окуясы учурунда бир офицер каза болуп, 100дөн ашуун адам жабыркаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (64)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG