Казак оппозициясынын активисттери бийликти Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген казактарды экстрадиция кылбоого чакырышты.
Активисттер Жанболат Мамай, Ырысбек Токтасын жана Төлеген Жукеев 9-декабрда журналисттер менен маектешти. Алар Кытайдан качып келген Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулын артка кайтарылса, кыйноого кабылып, ал түгүл көзү тазаланышы да мүмкүн экенин айтышты.
Өткөн жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Дархан Дилманов чек арадан мыйзамсыз өтүп келген Мурагер Алимулы жана Кастер Мусаханулы Кытайга депортация боло турганын билдирген. Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаканулы 20-октябрдан бери камакта. Аларга Казакстанда «баш калка сураган адамдын» макамы берилгени маалым болгон.
30 жаштагы Кастер Мусакан жана 25 жаштагы Мурагер Алимулы Шинжаңдын Дөрбүлжүң аймагынан чыгып, 1-октябрда Кытай чек арасынан өткөнүн айтышкан. Камакка алынганга чейин Алматыда өткөн басма сөз жыйынында Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айткан.
Өткөн айда Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анын алдында кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде ошол лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.
Бээжин өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келатат.