Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Афтандил Жоробеков Аскер прокуратурасында суракта болду


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда Аскер прокуратурасында суракта болду. Ал тергөө купуялыгын сактоо тууралуу тилкат жазып бергендиктен өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Жакындарынын айтымында, Жоробековго 4-5 ай мурда «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасына жарыяланган пост боюнча суроолор берилди.

Жарандык активист, «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда. Бул жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG