Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Жээнбеков: Адам укуктарын коргоо - мамлекеттин негизги милдети


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу таратты.

Кайрылуу президенттин сайтына жарыяланды. Анда президент Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоого жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө багытталган идеялары кыргыз коомунун менталитетине шайкеш келерин белгилеген.

«Улутуна, тилине, диний ишенимине карабастан ар бир инсандын кадыр-баркын урматтоо, адам укугун сактоо, коомдогу ынтымакты чыңдоо ата-бабаларыбыздын кылымдарды карыткан көөнөрбөс мурасына кирет. Ошондуктан адам укуктарын коргоо биздин мамлекетибиздин негизги милдети бойдон кала берет», деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган. Кыргызстан уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG