Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Евробиримдик Кыргызстандагы реформаларды колдойт


Чыңгыз Айдарбеков менен Жозеп Боррелл.
Чыңгыз Айдарбеков менен Жозеп Боррелл.

9-декбарда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррелл менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптар Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын Евробиримдик менен кызматаштыгын талкуулашты. Евробиримдиктин өкүлү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди. Боррелл 2020-жылы Кыргызстан Евробиримдик жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташтыгы боюнча биринчи форум өткөрүү ниетин кубаттады.

Учурда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Брюсселда жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG