Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Чилинин Антарктидага бараткан аскердик учагы кулады


Чилинин Аскер аба күчтөрүнө таандык «Lockheed C-130 Hercules» учагы.
Чилинин Аскер аба күчтөрүнө таандык «Lockheed C-130 Hercules» учагы.

Антарктиданы көздөй учуп баратып, радардын экранынан көрүнбөй калган Чилинин Аскер-аба күчтөрүнө таандык «Lockheed C-130 Hercules» учагы кулады. Расмий маалыматка ылайык, анда 38 адам болгон, ушул тушта учак изделип жатат. Аман калгандардын бар-жогу белгисиз.

Учак 10-декабрда Пунта-Аренасададан президент Эдуардо Фрей Монталва атындагы антарктидалык базаны көздөй учуп чыккан. Ал жолго чыккандан кийин бир сааттан соң байланышка чыкпай калган. Учактагылар базага май жеткирген куурду текшергенге бараткан. Бул станциядагы метеорологиялык иликтөөлөр жүргүзүлөт жана ионосфера текшерилип турат.

XS
SM
MD
LG