Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Нур-Султанда митингди утурлай жарандык активисттер камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нур-Султан шаардык соту 10-декабрда жарандык активисттер Гүлмира Халькова менен Галия Тамабаеваны 10 күнгө, ал эми Марат Мусабаевди 15 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарды. Аларга «тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузду» деген айып коюлду.

Алар өткөн айда Европа Биримдигинин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин алдында митингге чыгышкан жана аталган уюмду адам укуктарын сактоо боюнча казак бийлигине талапты күчөтүүгө чакырышкан.

Бул жарандык активисттер келерки аптада борбор шаардагы митингдерге катышары айтылып жаткан.

Буга чейин «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы казак жарандарын өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырып келген. Өткөн айларда Алматы, Нур-Султан жана Чымкент сыяктуу ири шаарларда нааразылык акциялары өткөн, анда ондогон адам камалган. Бул уюмду бозгундагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген.

XS
SM
MD
LG